Бишкекте жашыруун казиносунун иши токтотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан “Sun Club” бильярд клубунда тинтүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө аталган имаратта кумар оюндарын (покер) ойноочу жайлар табылган. Ыкчам-иликтөө иш-чаралары учурунда бильярд клубунун башка бөлмөлөрүндө кумар оюндары мыйзамсыз ойнотулуп келгени аныкталган.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренеси –“Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу” менен кылмыш ишин козгоду.
Баштапкы маалыматтар боюнча кумар оюндарынын уюштуруучусу 1991-жылы туулган Э.А. аттуу жаран болгон. Ал оюн-зоок бизнесине шарт түзүп, жарандарды оюндарга катышууга чакырып турган.
Шектүү жаран кармалып, Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы бул факт боюнча тергөө иштерин улантууда.