Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай башталды.
III Элдик курултайга 700 делегат катышып жатат. Анын ичинен 640ы өлкө аймактарынан, 30 киши этностук өкүлчүлүктөрдөн, дагы 30 делегат чет өлкөдөгү мекендештер.
Элдик курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинини мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү катышууда.
Курултайда өткөн жылы делегаттар тарабынан айтылган маселелердин аткарылышы тууралуу отчеттук маалыматтар угулат.
Бул жолу да делегаттар шайланып келген аймагынын көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлердин бийликке жеткирет. Ал эми мамлекеттик органдар аларды чечүү аракетин көрүшөт.
Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрь айында өткөн.