Бишкекте 4,5 миңден ашык бош жумуш орундары бар

Автор

Бишкек боюнча 4,5 миңден ашык бош жумуш орундары бар. Бул тууралуу Бош орундар жана кесиптер жарманкесининде белгилүү болду.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда жарманкеде Бишкек шаары боюнча ар кандай ишканалардан жана уюмдардан 4 миң 500дөн ашык бош жумуш орундар сунушталды.
Министрлик ишке орноштуруу кызматынын адистери жумушка орношууга көмөк көрсөтүү жаатындагы кызматтарга кызыккандардын баарына кеңештерин, акысыз кыска мөөнөттүү курстарды, ошондой эле бош орундар тууралуу кеңири маалымат беришти.

Бөлүшүү:
Next Post

Батыш автобекетинин ордуна эмне жайгашат?

Бишкектеги Батыш автобекетинин имаратына Мамлекеттик каттоо жайгаштырылышы мүмкүн. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Facebook баракчасында билдирди. Ал президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен автобекеттер шаардын сыртына көчүрүлүп жатканын эскертти. Бул калаа тургундарына ыңгайлуу шарт түзүү жана тыгындарды азайтуу максатында ишке ашырылууда. «Президенттин тапшырмасына ылайык, Бишкектеги автобекеттердин мыйзамсыз сатылган […]

Сизге жагышы мүмкүн