Бишкекте 31-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт

Автор

Бишкекте 31-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.

Объекттерди туташтыруу бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине, андан кийин мурда керектелген жылуулук энергиясы үчүн карызы жок жана объекттин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине бериле баштайт.

Былтыр Бишкекте жылуулук 26-октябрдан тартып бериле баштаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Пакистан депутаты Израилге атомдук курал таштоону сунуштады

Пакистандын парламенттик жыйында депутат айым Сарват Фатима Израилге атомдук курал жөнөтүүнү айтып, “Пакистандын ядролук куралы көргөзмөлүк эмес. Өкмөт Израилге эскертип, эгер, Газадагы кыргынды токтотпосо, Израил деген өлкөнү жер жүзүнөн жок кылып салабыз деши керек”,- деген. Сарват Фатима айымдын билдирүүсүнө Пакистандын өкмөтүнөн азырынча жооп боло элек. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн