Бишкекте 30-31-августта кайсы көчөлөр жабык болот? Тизме

Автор

Бишкекте 31-августта Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-август күнү майрамдык даярдыктарга байланыштуу Чыңгыз Айтматов проспектисинде автоунаалардын кыймылына маал-маалы менен убактылуу чектөөлөр коюлат.

Ал эми 31-августта Жибек-Жолу, Манас проспектилеринин, Жусуп Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө да унааларга чектөөлөр киргизилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Мугалимдерге 24 миң ноутбук акысыз берилет

Сентябрдын башында мугалимдерге 24 миң ноутбук акысыз берилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, ноутбуктар табигый илимдер боюнча сабак берген мугалимдерге тапшырылат. Ар бир ноутбуктун ичине электрондук китептер киргизилет. Ал эми алдыдагы жылдары республика боюнча 90 миңге жакын мугалимди ноутбук менен камсыздоо […]

Сизге жагышы мүмкүн