Бишкекте 28-31-январь күндөрү агроөнөр жай форуму өтөт

Автор

Бишкекте 28-29-30-31-январь күндөрү “Агро-Диалог-2025” аталышындагы агроөнөр жай форуму өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, форумда республиканын бардык дыйкан-фермерлери айыл чарба тармагынын ар бир багыты боюнча ийгилик жараткандар жана ишкерлер менен баарлашып, мыктылар өз тажрыйбасын ортого салышат.
Талкуунун жыйынтыгында агроөнөр жай тармагында өнөктөштөрдү табууга өбөлгө түзүлүп, ишкерлер бизнесин өнүктүрүүгө жана өз продукциясын сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүктөр жаралат.
28-январда өсүмдүк өстүрүү, 29-январь күнү мал чарбасы, 30-январда кайра иштетүү жана экспорт багытында кызыктуу талкуу болот. Ал эми 31-январда форумдун жыйынтыктоочу бөлүгү уюштурулат.
“Иш-чара К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өтөт. Башталышы саат 10:00дө. Ал эми жыйынтыктоочу бөлүгү А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында болот”, – деп айтылат маалыматта.
Байланыш номерлери: (0709)-144-938, (0770)-850-015, (0990)-559-082.

Бөлүшүү:
Next Post

Панаманын президенти башкаруусун АКШга бербесин билдирди

Панама президенти Хосе Рауль Мулино Панама каналы өлкөнүн көзөмөлүндө кала берерин билдирди. Анын бул билдирүүсү АКШ президенти Дональд Трамптын инаугурация учурунда «каналдын көзөмөлүн кайра алуу керек» деген сөздөрүнө жооп катары айтылды. «Панама Республикасы жана анын элинин атынан мен президент Дональд Трамптын инаугурациялык сөзүндө Панама жана анын каналына байланыштуу айтылган билдирүүлөрүн […]

You May Like