Бишкекте 26 мектеп убактылуу онлайн окутууга өтөт. Себеби

Автор

Бишкекте Жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу 26 мектеп онлайн окутууга өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 18-20-май күндөрү Ленин районундагы 8 мектеп, Свердлов районундагы 6 мектеп аралыктан окуйт. Ал эми 22-24-майга чейин Биринчи Май районундагы 6 мектеп, Октябрь районунда да 6 мектептин окуучуларына сабактар онлайн болот.
Эске салсак, Кыргызстанда 11-класстын окуучуларына ЖРТ үч этапта өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Блогер вице-мэрге шаардыктар нааразыбы?

“Тазалыктын” мурдагы жетекчиси Рамиз Алиев өткөн жумада вице-мэр болуп дайындалды. Бирок, шаар мэринин мындай дайындоосу кайра нааразылык жаратканы айтылууда. Рамиз Алиев аракетчил жетекчи катары шаардын тазалыгы үчүн жакшы аракеттенгенин эскеркендер да бар. Бирок, ошол эле кезде аны блогер жетекчи катары айыптагандар жок эмес. Анын семичке чаккан бала жөнүндөгү видеосу коомдо […]

Сизге жагышы мүмкүн