Бишкекте 11-майда ЮВИС эл аралык мектебинде роботехника боюнча мектеп окуучулары арасында Ismart фестивалы болуп өттү. “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемелери уюштурган фестивалга Кыргызстандын булуң-бурчунан 230 окуучудан турган 137 команда катышты.
Олимпиадада катышуучулар 11 категория боюнча ат салышты. Сумо, роботтор жарышы, дрондордун таймашы, Голдберг кубогу, дрон-рейсинг, лайнфолловер, кегель ринг, майло чогултуу категорияларынан сырткары кыргыз улуттук оюндарын чагылдырган көк бөрү жана аркан тартыш боюнча дагы беттештер орун алды.
Ismart фестивалы 2014-жылдан 2019-жылга чейин үзгүлтүксүз өткөрүлүп келген. Пандемияга байланыштуу убактылуу токтотулган фестивалга жаш жеткинчектердин кызыгуусу жогору экендиги байкалды.
БУУ жарандык инфраструктурага кол салууларды айыптады
Дүй Май 13 , 2024
БУУ жарандык инфраструктурага ар кандай кол салууларга каршы экенин Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Белгородго чабуулуна байланыштуу дүйнөлүк уюмдун башкы катчысынын өкүлүнүн орун басары Фархан Хак билдирди. 12-майда Белгородду кезектеги аткылоодон кийин Харьковская Гора районундагы көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатынан онунчу кабатына чейин подъезд ураган. Акыркы маалыматтар боюнча, алты адам көз жумса, […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/05/IMG-20240513-WA0003-1024x518.jpg)