Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында 2 миң 500 окуучу хор менен Манас айтты. Бул тууралуу Бишкек мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чара «Урааным Манас» кароо-сынагынын алкагында өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты — улуттук баалуулуктарды сактоо, патриоттукка тарбиялоо, “Манас” эпосун жайылтуу жана президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу болуп саналат.