Бишкекте 17 миң 400 ипотекалык батир курулуп жатат

Автор

Бүгүнкү күндө Бишкекте мамлекеттик ипоткалык программанын алкагында 17 миң 400 батир курулууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компания 2030-жылга карата курулуп жаткан батирлердин санын 25-30 миңге жеткирүүнү көздөп жатат.
“Президент Садыр Жапаров өлкөдө турак жайларга карата баа кескин өскөндүктөн жарандарды жеткиликтүү баадагы турак жай менен камсыз кылууну тапшырган. Бишкекте учурда 17 миң 400 батир курулуп жатат. Жакында эле үч даректе 2 миң 139 батир курулуп бүттү. Жарандарды жайгаштыруу 2024-жылдын декабрь айынан башталган, быйылкы жылдын февраль айына чейин жүргүзүлөт. Турак жайлар электрондук кезек менен берилет. Даяр батирлер ээлерине тапшырылгандан кийин электрондук кезек кайра жаңыртылат” , – деди Жээмбаев.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын “Социалдык ипотека”, “Арзан ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека” деген программалары бар. Жалпысынан 45 миңдей жаран батирге кезекте турат.

Бөлүшүү:
Next Post

Министр: Гренландия АКШнын бир бөлүгү болгусу келбейт

Гренландия АКШнын курамына киргиси келбейт. Бирок, Вашингтон менен ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүүгө ачык. Мындай пикирин Гренландиянын ишкердик, соода, минералдык ресурстар, юстиция жана гендердик теңдик маселелери боюнча министри Наая Натаниэльсен The Washington Post гезитине жазган макаласында билдирди. “Биздин премьер-министрибиз ачык айткандай, Гренландия өз элине таандык. Биз АКШнын бөлүгү болгубуз келбейт. Биз Даниянын […]

You May Like