Борбор калаанын 11-кичи районунда 9,64 гектар жерге 17 кабаттуу 24 үй салынат.
Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров турак жай комплексин курууга (капсула) мезгил кутусун салып жатып билдирди.
Анын ичинен 40 050 квадрат/метр 500 батир Мамлекеттик ипотекалык компанияга берилет.
Курулуш иштерин “Экспо строй” курулуш компаниясы ишке ашырааары, алардын акысына Бишкектен эки жер тилкеси берилээри белгилүү болду.
Мамлекеттик ипотекалык компанияга кезекке жазылгандардын саны бүгүнкү күнгө 99 миң 931 болду.