Бишкекте 1002 автобус каттамдарга чыгууда

Автор

Сентябрдан тарта “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын 1002 автобусу иштей баштады. Ошондой эле, 41 троллейбус жана 46 автобус мурда троллейбустар каттаган каттамдар боюнча шаар тургундарына кызмат көрсөтүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
“Жүргүнчүлөрдү ташуу ассоциациясы” муниципалдык ишканасынын 174 кичи автобусу жана “ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧКсынын 124 автобусу линияга чыкты. Жаңы окуу жылынын башталышына карата ар бир автобустук каттамга 2-3төн автобус кошулуп, алардын ортосундагы аралыкты кыскартып, жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүн эске алуу менен катталды.

Бөлүшүү:
Next Post

Нидерландия Украинанын энергетикасына 200 миллион евро бөлөт

Нидерландия Украинага энергетикалык инфраструктураны колдоо үчүн кошумча 200 миллион евро бөлөт. Бул тууралуу премьер-министр Дик Схоф Киевге сапары учурунда билдирди. Ал энергия системасын калыбына келтирүү же жаңысын куруу үчүн каржылык жардам пакетин жарыялады. Амстердам аскердик жардам көрсөтүп, Украинага алгачкы F-16 учактарын жана алар үчүн 300 миллион евро бөлгөн. Зеленский менен […]

Сизге жагышы мүмкүн