Бишкекте №25 жана №175 автобустар каттай баштады

Автор

Бүгүн, 10-июлдан тарта Бишкек шаарында №25, жана №175 муниципалдык автобус каттамдары иштеп баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, №25 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы «Ала-Тоо» жана «Кара-Жыгач» конуштарында жайгашат. Күн сайын 22 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 10 мүнөттү түзөт.
Ал эми №175 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы шаардын жогорку бөлүгүндөгү «Жаштар кварталында» жана «Маевка» айылында жайгашат. Күн сайын 20 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 10 мүнөттү түзөт.
Белгилей кетсек, аталган автобус каттамдары шаардыктардын кайрылууларынын негизинде киргизилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Байыркы билим системасы

Байыркы доордо билим алуу үчүн алгач үч кесилиш жолдон өтүп, Тривиум (Trivium)баскычынан өтүшү керек болчу. Тагыраак айтканда орто кылымдардагы гуманитардык илимдер системасынын жалпы аталышы. – Грамматика – Логика – Риторика (чечендик) Бул деңгээлдер аяктагандан кийин, 4 кесилиш жолго келет. Квадри́виум (Quadrivium) башталат. Тагыраак айтканда орто кылымдардагы так илимдер системасынын жалпы […]

Сизге жагышы мүмкүн