Бишкекте өрт чыгып, 30 адам эвакуацияланды

Автор

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 30 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан сарайдан өрт чыккан. Тилсиз жоону өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылган.
Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты болжол менен 350 чарчы метр күйүп, бир адам куткарылды. Өрт сарайдан 3 кабаттуу үйдүн чатырына өтүп, болжол менен 30 адам эвакуацияланган.
Тилсиз жоо саат 13:34тө чектөөгө алынды. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Европа чемпионаттында Түркия менен Грузия курамалары беттешет

Бүгүн, 18-июнда Европа чемпионаттынын тайпалык баскычынын 1-турунун алкагында Түркия менен Грузиянын беттеши болот. Оюн Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат. Бүгүнкү мелдеште букмекерлер “ай жылдыздарды” фаворит деп эсептешет: 1,80 коэффицент менен жеңишке жетет десе, Грузиндердин ийгилиги 5.10. Ал эми теңме -т еңге 3.70 коюмдар берилди. Европа чемпионаттына Түркиянын курамында 26 оюнчу […]

Сизге жагышы мүмкүн