Бишкектин “Ынтымак” сейил багында “Ы тамгасы” өзгөчө эстелиги пайда болду
Арт-объект QR — код менен жабдылып, «Ынтымак» паркына келген коноктор Кыргызстан жөнүндө негизги маалыматтарды: географиялык маалыматты, өлкөнүн жана анын элинин кыскача тарыхын, орусча-кыргызча сөздүктү ала алышат. Маалымат эки тилде: мамлекеттик кыргыз жана расмий орус тилдеринде жарыяланат.
Маалымат үчүн: белгилүү советтик лингвист К.Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүндө «Ы» тамгасы менен башталган 800дөн ашык сөздүн котормолору жана чечмелөөлөрү берилген.
Бишкекте «Ы тамгасы» арт-объектисин орнотуу идеясы «Россиялык гезитке» таандык, анын өкүлчүлүгү Кыргызстанда 2002-жылдын май айынан бери иштеп келет. Бишкек шаарынын мэриясы долбоорду колдоду. Монумент Екатеринбург шаарында «Дубровин» куюу үйүндө даярдалган. Арт-объекттин скульптору республикадагы белгилүү сүрөтчү Адил Сейталиев.