Бишкекте Өзбекстандын кино күндөрү өтөт

Автор

Бишкекте 15-16-май күңдөрү Өзбекстандын кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, коңшу мамлекеттин тасмалары эки күн “Россия” кинотеатрында акысыз көрсөтүлөт.
Программасы:
15-май, саат 18:30да “Абдулла Орипов” (реж. М.Эркинов)
16-май, саат 16:30да “Стойкость” (реж. Р.Маликов), ал эми 18:10до “Өзбек кызы” (реж. А.Бектурдиева) аттуу фильмдер тартууланат.
Министрлик ар бир тасманын соңунда көрүүчүлөр авторлор менен тасманы талкуулай алышарын кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Энергетиктерге 33 даана жаңы техникалар тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 13-майда Энергетика министрлигине атайын техникалардын ачкычын тапшырды.Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы 33 даана атайын техниканын 28 даанасы бригадалык унаа, 3 жеңил унаа жана 2 даана экскаватор. Бул техникалар үчүн 86 млн сомдон ашуун каражат жумшалды. Өз сөзүндө министрлер кабинетинин […]

Сизге жагышы мүмкүн