Бишкекте үч эм төрөлдү

Автор

Бишкек шаардык перинаталдык борборунда 20-июнда 33 жаштагы келин үч эм төрөдү, алар бир уул жана эки кыз. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, биринчи наристе 1 кг 400 гр, ал эми кыздар 1 кг 740 гр жана 1 кг 690 гр салмакта төрөлгөн.

Бул келиндин экинчи кош бойлуулугу. Ымыркайлар төрөлгөндө үч күн реанимацияда жана интенсивдүү терапия  шартында болуп, абалы турукташкандан кийин кам көрүү бөлүмүнө которулган. Учурда апасынын жанында дарыланууну улантышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

28-июнга карата аба ырайы

Эртең, 28-июнда өлкөнүн тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн