Бишкекте үч эм төрөлдү

Автор

Бишкектеги №2 төрөт үйүндө үч эм — үч кыз төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ымыркайлар 33 жумалык болуп төрөлгөн. Кыздардын салмагы 2 кг 140 гр, 1 кг 940 гр жана 1 кг 545 гр.
Эне 26 жашта жана бул анын үчүнчү төрөтү. Үй-бүлөдө үч бала бар.
“Бүгүнкү күндө алар реанимация бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ымыркайлардын жана эненин абалы канааттандырарлык”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн