Бишкекте үч эм төрөлдү

Автор

Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында Бишкек шаардык перинаталдык борборунда үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, наристелер 3кг 300г, 3кг 660г, 3кг 445г салмакта төрөлгөн. Үч эмдин энеси Бишкек шаарынын Октябрь районунун тургуну. Бул 34 жаштагы эненин бешинчи төрөтү.

Бишкек шаардык перинаталдык борборунун башкы дарыгери Жамиля Марипованын айтымында, ымыркайлардын абалы туруктуу жана аларды үйүнө чыгарууга даярдыктар көрүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Тажикстан жаңжалында жаракат алган чек арачыга 3 бөлмөлүү батир берилди

Бүгүн, 19-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу учурунда жаракат алган чек арачы Дастан Шарипов менен жолукту. Атайын кызматтан билдиришкендей, жолугушууда Ташиев Дастан Шариповго Бишкек шаарынан 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Мындан сырткары, ал согуштук аракеттерде эрдикти жана духту көрсөткөн уулду тарбиялап өстүргөн […]

Сизге жагышы мүмкүн