Бишкекте үч күн бою азык-түлүк жарманкеси өтөт

Автор

30-апрель жана 1-2-май күндөрү Бишкек шаарында азык-түлүк жарманкеси өтөт. Иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте уюштурулат.
Жарманкеде эт, балык, сүт, май, бал, колбаса, сыр, жумуртка, картошка, жашылча жемиштер, кумшекер, ун жана башка азыктарды арзан баада сатып алууга болот.
Шаардын жашоочуларын социалдык-маанилүү тамак-аш азыктарынын кеңири ассортименти менен камсыз кылуу максатында айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрүнүн ортомчусу жок түздөн түз продукциялары жарманкеге коюлат.
Жарманке өтө турган жай: Разаков көчөсү (Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши).

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз Эл акыны Жолочу Рысбаев чын дүйнө салды

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл акыны, сатирик Жолочу Рысбаев көз жумду. Маалыматты Маданият министрлигинен тастыкташты. Ал Түп районуна караштуу Жылуу-Булак айылында 1949-жылы жарык дүйнөгө келген. 1967-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. Анын Чырмоок, (тамсилдер), Коңгуроо (сатиралык ырлар, тамсилдер, пародиялар), Ой, шумдук, (ырлар, тамсилдер) Ап-Чихи!-Чүчүңүз! (сатиралык ырлар), Мен Мидин эмесмин, […]

Сизге жагышы мүмкүн