Бишкекте эртең, 2-апрелде “Туруктуу агроөнөр жай секторун түзүү” аталыштагы форуму өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага республиканын бардык облустарынан дыйкандар, ишкерлер, кайра иштетүүчүлөр жана өндүрүүчүлөр чогулат.
Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар тематикалык сессиялар өтөт:
айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү,
Кыргызстанда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн келечеги,
агроазык-түлүк секторундагы мамлекеттик чыгымдардын тенденциялары,
азык-түлүк коопсуздугу жана инфляция жөнүндө изилдөөнүн алгачкы жыйынтыктары,
технологиялар, инновациялар жана инвестициялар аркылуу атаандаштыкка жөндөмдүү жана туруктуу айыл чарбасын түзүү.
Форум — айыл чарбасындагы алдыңкы ишкерлердин тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн ири аянтча болот.