Бишкекте эл аралык “One Run” жарым марафону өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 4-июнда болот. Анда 21, 1, 10 жана 5 чакырымга чуркоо каралган. Ошондой эле балдарга 1 чакырымдык жарыш уюштурулат.
Иш-чара ден соолукту чыңдоо жана спортту жайылтуу максатында өткөрүлүүдө.
Бул марафондун бир өзгөчөлүгү белгиленди. Мелдеш Кыргызстан менен бир убакта Россия, Беларусь, Армения, Тажикстан жана Кытайда болот. Миңдеген киши бир убакта чуркайт.