Бишкекте эгемендүүлүк күнүндө жарманке өтөт

Автор

Бишкекте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө арналган атамекендик продукциялардын көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, көргөзмө саат 11:00дөн 16:00гө чейин Турдакун Усубалиев атындагы аянтта уюштурулат.
Анда тамак-аш, айыл чарба, текстиль, кол өнөрчүлүк, оор өнөр жайы жана автоөндүрүш тармактарынын продукциялары көрсөтүлөт.
Көргөзмө-жарманкеде 100дөн ашуун атамекендик компаниянын өкүлдөрү жана алардын продукциялары менен таанышып, жергиликтүү ишканалардын потенциалына баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Боррель: ЕБ Россиянын тоңдурулган активдеринен колдоно баштады

Европа Биримдиги Россиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн каражаттарды колдоно баштаганын Европа дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель билдирди. Анын айтымында, Украинага жана Евробиримдиктин өлкөлөрүнө 1,4 миллиард евро жөнөтүлгөн, алар Киевге курал жөнөтөт. Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен июль айынын аягында Евробиримдик Украинаны коргоо жана калыбына келтирүү үчүн 1,5 миллиард евро бөлгөнүн билдирген. […]

Сизге жагышы мүмкүн