Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Бишкек шаарында жүк ташуучу, ири унааларды күндүз киргизбөөнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн,29-февралда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Ал башка мамлекеттерден өрнөк көрсөтүп, шаар ичине кирип чыгуу үчүн атайын график түзүлүүсү керек экенин айтты. Депутаттын билдиришинче, ири унаалар кечки 9 дан эрте мененки 6га чейин гана Бишкекке кирүүсү шаар тургундарына да, өздөрүнө да ыңгайлуу болоорун белгиледи.