Бишкекте УКМК кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылды

Автор

Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунда 100 орунга эсептелген «Мекендин келечеги» бала бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМКга караштуу бала бакчанын ачылыш аземине атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери жана аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.
Камчыбек Ташиев өз куттуктоо сөзүндө өсүп келе жаткан муундун татыктуу келечегин жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу УКМКнын негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи.
Мындан тышкары, төрага атайын кызматтын кызматкерлеринин үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, алардын кызматтык жана күжүрмөн милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна өбөлгө болоорун кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

19-июнга карата аба ырайы

Эртең, 19-июнда күндүз көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +28…+33, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн