Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун XI Саммити башталды

Автор

Бүгүн, 6-ноябрында Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги XI Саммити башталды.
XI Саммитин ишине Уюмга мүчө беш мамлекет башчылары, атап айтканда Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжан лидери Ильхам Алиев, Казакстан башчысы Касым-Жоомарт Токаев жана Өзбекстан президенти Шавхат Мириёев, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрү болгон Түркмөнстандын лидери Сердар Бердымухамедов. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Түндүк Кипрдин президенти Эрсин Татар катышууда.
Саммиттин ишин президент Садыр Жапаров ачып, борбордо өтүп жаткан кеңеш Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына туш келгендигин белгилеп өттү.
Саммит “Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук” ураанын алдында өтүүдө.
Иш-чаранын алкагында өлкөлөрдүн лидерлери көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулап, уюмдун учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышат. Ошондой эле бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде Саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясына кол коюшат.
Саммиттин жыйынтыгы боюнча 2025-жылга Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт.
Саммитке ар кайсы өлкөлөрдөн 50-60ка жакын журналист келип, жолугушууну чагылдырып жатышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Шашылыш билдирүү! Бишкек – Ош унаа жолуна кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 6-ноябрдан 8-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-231-чакырымдарында Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп, муз […]

Сизге жагышы мүмкүн