Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммити 6-ноябрда өтөт

Автор

Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин орун басарлары катышкан жыйын өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди
Маалыматка ылайык, Кыргызстандан Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жетектеген делегация катышты.
Тараптар 6-ноябрда Бишкекте өтө турган ТМУнун мамлекет башчыларынын 11-саммитине даярдык көрүү, уюмга мүчө өлкөлөрдүн күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Ошондой эле катышуучулар саясий кызматташтыкты бекемдөө жана регионалдык коопсуздуктун коркунучтарына каршы туруу маселелери тууралуу сүйлөшүштү.
Консультациялардын жыйынтыгы боюнча делегациялар уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгын тастыкташты.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, мугалимдерди жана Кыргызстандын билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат: “Урматтуу агай-эжейлер! Билим берүү тармагынын кымбаттуу кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Мугалим – бул устат, дүйнөдөгү бардык кесиптин ээлери алгач мугалимден билим алган. […]

Сизге жагышы мүмкүн