Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун Саммити өтөт

Автор

Үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги XI Саммити өтөт. Алдыдагы Саммиттин темасы – “Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук” болмокчу. Бул тууралуу КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
“Өлкөлөрдүн лидерлери ТМУнун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашат, Уюмдун учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышат, ошондой эле бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде Саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясына кол коюшат.
Саммиттин жыйынтыгы боюнча 2025-жылга Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт.
Кыргыз Республикасынын Уюмга алдыдагы төрагалыгы мезгилинде мүчө мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды чыңдоо, экономикалык өсүш жана региондо жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган.
Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катышат”, – деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУнун Коопсуздук Кеңешине төрагалык Улуу Британияга өттү

Нью-Йорк убактысы боюнча саат 13:00дө БУУнун штаб-квартирасында Улуу Британиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Барбара Вудворд пресс-конференция өткөрөт. Анда журналисттерге дүйнөлүк уюмдун негизги түзүмүнүн жыйындар программасы тууралуу маалымат берилет. Ал эми Улуу Британиянын жетекчилигинде Коопсуздук Кеңешинин алгачкы жыйындарынын бири дүйшөмбү, 4-ноябрда өтүшү мүмкүн. Улуу Британия, Мальта, Словения, АКШ, Франция, Түштүк Корея жана […]

Сизге жагышы мүмкүн