Бүгүн, 12-июнда Бишкекте соодагерлер Максим Горький атындагы бакчага нааразычылык акцияга чыгышты.
Маалыматка ылайык, чогулган “Дордой Дыйкан”, “Ош базары” жана “Азиз” базарынын соодагерлери электрондук коштомо кагазды жана электрондук эсеп-фактураны колдонууга каршы экендиктерин айтып, патент системасын калтырууну талап кылышууда.
Чогулгандар менен Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысыбеков жолукту. Бирок чогулгандар чиновниктин сөзүнө канааттанган жок.
Эске салсак, буга чейин “Дордой Моторс”, “Ош” базарынын соодагерлери нааразычылык акцияларына чыгышкан. Алар 1-июлдан тарта токтотула турган патент менен иштөө системасын калтырууну талап кылууда.