Бишкекте самбо боюнча Дүйнө биринчилиги башталды

Автор

Бүгүн, 6-октябрь күнү Бишкектеги “Газпром балдарга” ден-соолукту чыңдоо борборунда самбо боюнча жаштар арасында Дүйнө биринчилиги старт алды.

Мелдешке жалпы 26 мамлекеттен – Испания, Марокко, Монголия, Азербайджан, Румыния, Мексика, Латвия, Армения, Иордания, Грузия, Боливия, Колумбия, Нидерланды, Молдавия, Италия, Сербия, Өзбекстан, Греция, Түркмөнстан, Казакстан, Болгария, Франция, Египет, Россия жана Беларустан жалпы 400дөн ашык спортчу катышууда.

Килемге жаштар арасында 53, 71, 98 кг чейинки салмакта, кыздар арасында 50, 65, +80 кг чейинки салмакта спортчулар күч сынашууда. Ошондой эле өспүрүмдөр арасында 58, 79, +98 кг салмак салмакта кыздар арасында 59, 80 кг даражасында беттештер өтүүдө. Ошондой эле күжүрмөн самбо боюнча 71, 98 кг чейинки салмакта беттештер өтүүдө.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш 8-октябрга чейин уланат.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук банкта канча алтыныбыз бар?

Улуттук банкта 50 тоннадан ашуун алтыныбыз турат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасыАкылбек Жапаров Кыргыз геология кызматынын 85 жылдыгында билдирди. “Геологдордун бир нече муундарынын гиганттык эмгегинин натыйжасында Кыргызстандын аймагында 15 миңден ашуун пайдалуу кендер табылган жана анын 500дөй деталдуу изилдөөлөр жүргөн. Бүгүнкү күндө 345 кен мамлекеттик баланстын запасында турат. Ал эми Кумтөргө […]

Сизге жагышы мүмкүн