Бишкекте режиссёр айымдардын VI эл аралык кино форуму өтөт

Автор

Бишкекте 27-29-ноябрь күндөрү кыргызстандык режиссёр жана акриса Клара Юсупжановага арналган VI эл аралык кино форум өтөт. Бул тууралуу форумдун уюштуруучулары билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан 17 режиссёр айым катышып, көрүүчүлөргө өз эмгектерин тартуулашат.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында Казакстан жана Өзбекстандан келген катышуучулар мастер-класстарды өткөрүшүп, тажрыйбалуу режиссер айымдардын жана илимий кызматкерлердин катышуусунда тегерек столдор жана талкуулар уюштурулат.
Форум режиссер айымдарды бир аянтчага чогултуу, бири-бири менен пикир алмашуу, коомдун актуалдуу көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун талкуулоо максатында өткөрүлүүдө.
Кинофорумдун автору жана режиссёру Асел Жураева. 2016-жылдан бери кинофорумду Азиянын чыгармачыл аялдары фонду уюштуруп келет.
Эске салсак, V юбилейлик кинофорум өткөн жылы Ош шаарында өткөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Кубада электр энергиясы толугу менен өчтү

10 миллиондон ашык адам жарыксыз калды. Өлкөнүн электр системасындагы өзгөчө кырдаал Матансас шаарындагы Антонио Гутьерас атындагы Кубанын эң ири ЖЭБинин иштен чыгышынан улам болду. Бул тууралуу Кубанын Энергетика жана тоо-кен өнөр жай министрлиги маалымдады. Адистер электр энергиясын калыбына келтирүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Бул үчүн канча убакыт талап кылынары азырынча белгисиз. […]

Сизге жагышы мүмкүн