Бишкекте Режеп Тайып Эрдоган менен Садыр Жапаровдун сүйлөшүүлөрү башталды

Автор

Бүгүн, 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталды. Аны «Ынтымак Ордо» президенттик администрациянын имаратынын кире беришинен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.
Эки өлкөнүн гимндери жаңырып, мамлекет башчылары ардактуу кароолдун алдынан өтүп, аскерлер менен учурашышты, президенттер өз делегацияларын бири-бири менен тааныштырышты.
Андан ары эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрү башталды.
Белгилей кетсек, мамлекеттик сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин чакан курамдагы сүйлөшүүлөрүн, ошондой эле эки мамлекет башчыларынын төрагалыгы алдында стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат.

Бөлүшүү:
Next Post

Режеп Тайып Эрдоган "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине гүлчамбар койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексинде болушту. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондордун эстелигине гүлчамбар койду. Ошондой эле Түркиянын президенти жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюп, эскерди. […]

Сизге жагышы мүмкүн