Бишкекте паралимпиадачылар Парижге узатылды

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандын Паралимпиада курама командасын XVII жайкы Паралимпиада оюндарына узатып жатып, оюнчуларды лицензия алышы менен куттуктап, алардын жетишкен ийгиликтери үчүн сыймыктанарын билдирди.
Бул жолку XVII жайкы Паралимпиада оюндарында өлкө намысын пауэрлифтинг, триатлон, жеңил атлетика жана дзюдо сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча 4 спортчу коргойт.
“Сиздердин жетишкендиктериңиздер жана спорт – баарыбызды бириктирүүгө, ар бирибизди күчтүү болууга жана жакшы жакка үндөп жатат. Сиздердин Паралимпиада оюндарына катышып жатканыңыздардын өзү эле жеңиш. Сиздердин кайратыңыздар жана жеңишке болгон эркиңиздер биздин өлкөнү гана эмес, бүткүл дүйнөнү шыктандырат. Сиздерге ийгилик жана чоң жетишкендиктерди каалайм. Сиздердин жолуңуздарда ар дайым жаңы жетишкендиктерге орун болуп, күн сайын кыялдарыңыздарга жакындата берсин”, – деди ал.
Минкаб төрагасынын орун басары Мамлекеттик тууну Кыргызстандын Паралимпиада курама командасынын капитаны Маматибраим Сурановго тапшырды.
Кыргызстандын Паралимпиада курамасынын курамында: Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо), Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг).

Бөлүшүү:
Next Post

Кеминдеги 353 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунда базар баасы 4 млрд 7 млн 77 миң сомду түзгөн 353,3 га өнөр жай багытындагы жерлер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Кемин районундагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилерди аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, базар баасы 4 […]

Сизге жагышы мүмкүн