Бүгүн, 20-сентябрда Бишкекте Борбор Азияда биринчи жолу «Органик Экспо 2024» регионалдык көргөзмө-жарманкеси өтүүдө.
Жарманке Борбор Азия өлкөлөрүнүн агрардык секторун туруктуу өнүктүрүүгө, органикалык, регенеративдик айыл чарбасын системалуу түрдө өнүктүрүү менен тоолуу аймактардын биомаданий ар түрдүүлүгүн сактоого багытталган.
Жарманкеге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн министрликтеринин жана мекемелеринин өкүлдөрү, 10дон ашык өлкөдөн айыл чарба, экология, климат, туруктуу өнүктүрүү жана башка маселелер боюнча 200дөн ашык эксперт жана 50 спикерлер катышууда