Бишкекте оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Автор

Бишкекте оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 25-27-ноябрь күндөрү “Газпром” спорт комплексинде өтөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчулөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Оор атлетика федерациясы тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылат.
Таймаштар өтө турган салмактар:
Эркектер: 55, 61 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109, +109 кг;
Кыз-келиндер: 45, 49, 55, 59, 64, 71, 76, 81, 87, +87 кг.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖКнын экс-депутаты Канатбек Исаев кармалды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаев кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлардын бирине анын жактоочусу Бакыт Осмоналиев билдирген. Маалым болгондой, ал 20-ноябрда УКМК тарабынан кармалган. Ал эми УКМК бул тууралуу азырынча маалымат бере элек. Исаев эмнеге айыпталып жатканы азырынча белгисиз. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн