Бишкекте оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө

Автор

Бишкектеги “Газпром” спорт комплексинде оор атлетика боюнча XXXVI эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш оор атлетика боюнча Москвада өткөн олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин 71 жылдык мааракесине арналган.
Салтанаттуу ачылыш аземге КР Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов, Дене тарбия жана спорт департаментинин Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Артур Геворгян, Москвада өткөн олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев, федерациясы өкүлдөрү жана атайын чакырылган коноктор катышты.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген 140тан ашык спортчу катышууда.

Катышуучулар төмөнкү салмак категеорияларында куч сынашууда:

эркектер: 55, 61 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109, +109 кг;
кыз-келиндер: 45, 49, 55, 59, 64, 71, 76, 81, 87, +87 кг.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин Казакстанга мамлекеттик сапар менен барат

Россиянын президенти Владимир Путин 27-ноябрда Казакстанга мамлекеттик иш сапары менен барарын Ак Ордо кабарлады. Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтөт. Мамлекет башчылары видеоконференция режиминде Казакстан менен Россиянын XX Аймактар аралык кызматташуу форумуна катышышат. 28-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Катышуучу […]

Сизге жагышы мүмкүн