Бишкекте Нурлан Мотуев кармалды. Себеби

Автор

Нурлан Мотуев улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-октябрь күнү, Бишкек ШИИББнын Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери «Инстаграм» социалдык түйүнүндө Нурлан Мотуевдин улуттук аз өкүлдөрүнө карата терс ой-пикирин айтып жасаган видео жарыялаганын аныктаган. Анда ал, улуттун аз өкүлдөрүн басынтып, алардын улутуна ар кандай мүнөздөмө берүү менен коомчулукту интернет желелери аркылуу үгүттөп, улуттар аралык кастыкты козутууга аракет кылган.
Аталган факт боюнча тергөө иштеринин алкагында, дайындалган экспертизалардын корутундусуна ылайык, изилдөө үчүн берилген материалдарда адамдын улуулугун, улуттук таандыктыгы боюнча төмөндүгүн пропагандалоонун лингвистикалык белгилери бар болгон. Изилдөөгө берилген материалдарда, улуттар аралык касташуунун лингвистикалык белгилери камтылган.
«Анын негизинде, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине ( расалык, этникалык, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде, 1969-жылы туулган Н.М. Бишкек шаарынын ШИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилген», — деп жазылат маалыматта.
Тергөө иштери уланууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Суу ташкынынан каза болгондордун саны 95ке жетти

Испаниядагы суу каптап, 95 адам каза болду. Буга байланыштуу 31-октябрдан 2-ноябрга чейин үч күндүк аза күтүү жарыяланды. El Pais басылмасынын маалыматына ылайык, 30-октябрга караган түнү Валенсиянын ондогон тургундары унааларда жана суу каптаган имараттардын чатырларында түнөшкөн. Жабыркагандардын жана дайынсыз жоголгондордун так саны белгисиз. Валенсияда суу каптоонун кесепеттерин жоюу үчүн 1116 куткаруучу, […]

Сизге жагышы мүмкүн