Бишкекте мыйзамсыз курулуштар аныкталды

Автор

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз курулуштарды аныктады.
Ведомстводон билдиришкендей, күн мурун Бишкек шаарындагы конуштардын тургундарынын кайрылууларынын негизинде агенттиктин директорунун орун басары Бакай Турдугулов, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Суеркулов Эрназбек, Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору Маратбек Акназаров жана Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте көчмө комиссия түзүлүп, жаңы салынып жаткан курулуш объекттердин мыйзамдуулугу текшерилген.
Курулуш нормаларын сактабагандарга билдирмелер берилип, мыйзам талаптарын аткарбаса КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, айып пул салына тургандыгы эскертилди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө комиссиялык топтун толук чечимдери чыкканча, төмөнкү объекттин курулуш иштери убактылуу токтотулду:
1. Киргизия-1 конушунун Улан көчөсү, 3, 3а дарегинде 7 кабатту турак үйү курулушка тиешелүү талаптарды аткарган эмес. (Башкы подрядчик «Централ Азия Инвест Строй»)
2. Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсү, 150 дарегиндеги мыйзамсыз салынган жабык футболдук аянтчасына айып пул салынып, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин эскертүүсүнүн негизинде футболдук аянтчасынын жетекилиги өз каалоосу менен курулуш объекттисин бузуу иштерин баштады.

Бөлүшүү:
Next Post

Макрон Олимпиада учурунда ок атышууну токтотууга чакырды

Франциянын президенти Эманнуэль Макрон Париждеги Олимпиада оюндары учурунда Россия менен Украинанын, ошондой эле Израил менен ХАМАСтын ортосунда дипломатиялык элдешүү планынын үстүндө иштеп жатканын айтты. Бул тууралуу мамлекет башчы BFMTV телеканалына берген маегинде билдирди. Макрондун айтымында, Франция Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Европа менен Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттердин мүмкүн болгон тыныгуусу […]

Сизге жагышы мүмкүн