Бишкекте тигүү цехинде мыйзамсыз иштеген чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарын бузуу менен Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринде иштеген Пакистандын 28 жараны аныкталды. Тактап айтканда, алардын визасынын жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен.
Тартип бузгандар тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүп берилди.
Малайзия өкмөт башчысына кыргыздын улуттук өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү
Бей Май 16 , 2024