Бишкекте “Мурас” футбол мелдеши аяктады

Автор

Бишкекте өткөн футбол боюнча “Мурас” алтынчы салттуу достук мелдеши аяктады.
Мелдештин экинчи күнүндө оюнга президенти Садыр Жапаров “Президенттин командасы” курамы менен катышты.
Оюндардын соңунда мамлекет башчысы эки жыл мурда бул мелдеш кыргызстандыктарды спорт менен алектенүүгө шыктандыруу максатында башталганын жана бүгүн бул максат ишке ашканын белгиледи: эми мектеп окуучулары гана эмес, чоңдор дагы, ошондой эле аксакалдар дагы футбол, волейбол жана баскетбол менен активдүү алектенишет. “Дени сак улут – дени сак өлкө”, – деп баса белгиледи Мамлекет башчысы жана ата-энелерди балдарды спорт менен алектенүүгө үндөөгө чакырып, илим менен дене тарбияны айкалыштыруу керектигин, анткени булар ден соолуктун кепилдиги экенин ырастады.
Мелдешке ар кандай тармактардын өкүлдөрүнөн топтолгон 16 команда катышты. Байге фондусу 1 миллион сомду түздү.
Жеңүүчү катары “Ден соолук” командасы аталып, 400 миң сом утуп алды. Экинчи орунду “Коопсуздук” командасы ээлеп, 300 миң сом байге алса, үчүнчү орунга 200 миң сом алган “Спорт чеберлери” командасы жетишти.
“Президенттин командасы” курамы төртүнчү орунду алып, 100 миң сомдук сертификат менен сыйланды.
Мындан тышкары оюндардын жыйынтыгы боюнча “Мурас-2024” мелдешиндеги мыкты дарбазачыга, мыкты чабуулчу жана мыкты оюнчуга жекече сыйлыктар тапшырылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Асман шаарын куруу келерки айда башталат

Асман шаарын куруу он чакты күндөн кийин башталат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда болгон иш сапарында билдирди. Мамлекет башчысы “Былтыр биз капсула салгандан кийин аны көргөн чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүздөн жөн эле шаар салып койбой, жашыл шаар салалы деген сунуштар түшүп, мурдагы долбоорлоруна өзгөрүүлөр кирип, курулуштун башталышы бүгүнкү күнгө […]

Сизге жагышы мүмкүн