Бишкек шаардык мэриясына караштуу жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын инспекторлору тарабынан шаардагы мончолор жана сауналар текшерүүдөн өттү.
Белгилүү болгондой, 1 жуманын ичинде 38 баня жана сауна текшерилип, тигүү цехтеринен чыккан кездемелердин калдыктарын, резина жана каучук жаккан фактылар аныкталган. Жыл башынан бери экологиялык тазалыкты арттыруу багытын көздөп, 198 рейд жүргүзүлгөнүн, анын ичинде 41 протокол түзүлгөнүн, жалпы 478 миң сомго жаза төлөмү чегерилгенин шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.