Бишкекте МИК аркылуу берилүүчү үйлөрдүн ачкычы тапшырылды

Автор

Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилүүчү үйлөрдүн үй ээлерине ачкычтарды тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.
“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК менен “Керемет Банк” ААК ортосундагы биргелешкен долбоордун алкагындагы көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктады.
Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Арзан ипотека” багыты боюнча “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагындагы жүзөгө ашырылды.
Белгилей кетсек, 9 кабаттан турган 108-сериядагы турак-жай Бишкек шаарындагы Анкара көчөсүндө жайгашкан. Сапаттуу курулуш материалдарын колдонуу менен тиешелүү талаптарга ылайыкталып салынган үй бардык коммуналдык кызматтарга кошулган. Курулуш ишин “Фаворит Строй Групп” ЖЧК жүргүзгөн.
Кошумчалай кетсек, Мамлекеттик ипотекалык компанияда кезекте турган жарандар насыяны турак-жай наркынын 20%зын төлөө аркылуу, жылдык үстөк пайызы 8% менен 25 жылга алышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Швециянын королу Нобель сыйлыктарын тапшырды

Швециянын королу Карл XVI Густаф Стокгольм филармониясында медицина, физика, химия жана адабият боюнча Нобель сыйлыктарын, ошондой эле Альфред Нобелдин элесине Швециянын Мамлекеттик банкынын экономика боюнча сыйлыгын тапшырды. Экономика боюнча 2023-жылы Альфред Нобель сыйлыгынын лауреаты АКШнын өкүлү Клаудия Голдин болду. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн