Бишкекте метро курулабы?Мэрдин жообу

Автор

Инвесторлор борбор калаага метро курууну сунуштап жатышат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
Жыйында депутат Эльдар Абакиров Ош жана Бишкек шаарларынын калкы тездик менен өсүп жатат. Борбор калаада жашоочулардын саны 2 миллиондон ашты, ошондуктан метро курууну баштоо керектигин айтты
Буга жооп кылып: «Кийинки жумада жыйын болот. Бизге инвесторлор чыгып жатышат, метро куруу боюнча өз сунуштарын берет. Биз карап көрөбүз, эгер ыңгайлуу шарттар болсо, анда биз баштоого даярбыз», — деди мэр.

Бөлүшүү:
Next Post

Өзбекстан Марбург вирусуна каршы санитардык көзөмөлдү күчөтүүдө

Өзбекстан Марбург вирусунун жайылышын алдын алуу үчүн санитардык көзөмөлдү күчөтүүдө. Өлкөнүн мамлекеттик чек арасынан өтүүчү санитардык көзөмөл-өткөрүү пункттарында текшерүү күчөтүлгөн. Республикадагы Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук жана коомдук ден соолук комитетинин маалыматы боюнча, Өзбекстанда, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөй эле, эпидемиянын алдын алуу үчүн алдын алуу чаралары көрүлгөн. Ошол эле учурда аталган комитеттен өзбекстандык жарандар […]

Сизге жагышы мүмкүн