Театрдын ачылуу аземине Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушов, Маданият, маалымат,спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Кыргыз Эл баатыры Миталип Мамытов, КРнын Эл артисттери Замирбек Үсөнбаев, Жолболду Алибаев ж.б интеллегенция өкүлдөрү, маданият кызматкерлери катышууда.
Президент улут сыймыгы болгон Манас эпосун, дастанчылык,төкмөлүк өнөрдү жайылтууга салым кошуп келе жаткан “Манас” улуттук театрынын имараттуу болушу менен куттуктап,ата-бабалардан калган улуу мурастарга аяр мамиле жасоо жана аны улантуучуларга жетиштүү шарт түзүү мамлекеттик саясаттын негизги милдеттери жана өнөр адамдары мамлекеттин камкордугунда экенин белгиледи.
“Республиканын жети дубанындагы манасчылар, дастанчылар, төкмө акындар мамлекеттин камкордугунда. Заманабыздын залкарлары Замирбек Үсөнбаев, Түгөлбай Казаков, Табылды Актанов, Жолболду Алиев, Назаркул Сейдрахманов театрдын көч башы болуп эмгектенип келе жатат. Андан сырткары ак таңдай акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Элмирбек Иманалиевге “Эл баатыры”наамын берүү жөнүндөгү жарлыкка кол койдум” -деди Президент.
Ошондой эле, иш-чаранын алкагында манасчы Рыспай Исаковго “КРнын эл артисти”, төкмө акын Баян Акматовго “КРнын эмгек сиңирген артисти” наамы ыйгарылса, төкмө акын Изат Айдаркуловага жана дастанчы Улукбек Токтоболот уулуна Президенттин ардак грамотасы тапшырылды.
Белгилей кетсек, жаңы имараттын курулушу 2022-жылдын жайында башталган.
Эки кабаттуу объекттин жалпы аянты 1 миң 600 чарчы метрди түзөт. Имаратта театрдын чыгармачыл жамаатынын ынгайлуулугу үчүн зарыл болгон нерселердин баары бар.
Долбоордун сметалык баасы 65 млн сомду түзгөн. Мындан тышкары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 22 млн сом бөлгөн.