Бишкекте мамлекеттик ишмер Дооронбек Садырбаевдин эстелиги орнотулду

Автор

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев белгилүү кинорежиссер, жазуучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин эстелигин ачуу аземине катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, залкардын элеси түшүрүлгөн эстелик Бишкек шаарындагы Октябрь кинотеатрынын жанына орнотулду.

 

Салтанатта Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов баштаган жетекчилер, залкар таланттын замандаштары, туугандары жана шакирттери болду.

 

Иш-чарада Төрага Нурланбек Шакиев сөз сүйлөп, улуу инсандын өмүр жолу көпчүлүккө үлгү экенин белгиледи.

 

“Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” – дегендей, Дооронбек ага көп кырдуу талант эле. Биз аны улуу кинорежиссер, таланттуу акын, мыкты актер жана даанышман саясатчы катары билебиз. Анткени, тарткан тасмалары, жазган чыгармалары менен катар саясий айдыңда айткан жалындуу сөздөрү менен да өзгөчөлөнүп турчу. Кара кылды как жарган калыстыгы жана чындыкты таамай айткан асылдыгы менен да башкалардан айырмаланчу”, – деди ал.

 

Ошондой эле төрага Дооронбек Садырбаев көзү тирүү кезинде эле жалпы кыргыз элинин жүрөгүнө түбөлүк эстелик тургузуп кеткенин айтып, анын элеси эч качан унутулбай турганын кошумчалады.

 

“Улуу калемгер Аалы Токомбаев “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” дегендей, залкардын жасаган иштери, сүйлөгөн сөздөрү келечекте да айтылат. Анткени, Дооронбек агабыз өз доорунун гана эмес, келечектин да үлгү тутар улуу инсаны”, – деди Шакиев.

 

Эскерте кетсек, КР Баатыры Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 69 жашында каза болгон. Көзү тирүү болгондо ал 84 жашка чыкмак.

Бөлүшүү:
Next Post

Мирзиёев талапкер болуп катталды

Дүйшөмбү күнү Өзбекстандын БШКсы июлда өтүүчү мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого саясий партиялар көрсөткөн төрт талапкерди тең, анын ичинде азыркы мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевди да каттады. Конституциялык мыйзамга ылайык, экинчи мөөнөткө шайланган азыркы президент Шавкат Мирзиёев кайрадан шайлоого катыша алат. БШК документтерди тапшырган төрт партиянын Өзбекстандын социал-демократиялык «Адолат», Либералдык-демократиялык партиясы (УзЛиДеП), […]

Сизге жагышы мүмкүн