Бишкекте майрамдык айт намазы мечиттерде окулат

Автор

Бишкекте майрамдык айт намаз борбордук аянтта эмес, мечиттерде окулат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалдарга байланыштуу элдин коопсуздугу эске алынуу менен кабыл алынган.
Айт намаздын программасы:
саат 06:15—07:25 баяндар
саат 7:25—7:30 Айт намаз окуу эрежесин түшүндүрүү, саффан сааф айтуу
саат 7:30 орозо айт намазы.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-апрелде Орозо айт майрамы белгиленет. Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу айдын жаңырышына карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.
Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет.

Бөлүшүү:
Next Post

9-апрелге карата аба ырайы

9-апрелде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +12 … +17, Талас жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15, Баткен, […]

Сизге жагышы мүмкүн