Бишкекте “Лейлек килемдери – 2024” фестиваль-жарманкеси башталды

Автор

Бүгүн, 3-октябрда Бишкектеги Улуттук тарых музейинде “Лейлек килемдери – 2024” аттуу фестиваль-жарманкесини башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова жана Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары, маданият жана искусство кызматкерлери катышты.
Гүлбара Абдыкалыкова өз сөзүндө ата-бабаларыбыз токуучулук өнөрдү муундан-муунга өткөрүп, ар бир килем элибиздин каада-салттарын, баалуулуктарын чагылдырган уникалдуу көркөм чыгарма экенин белгиледи.
Фестиваль-жарманкенин негизги максаты – кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, элдик салттуу кол өнөрчүлүктү жандандыруу жана өнүктүрүү, аймактар ортосундагы маданий-экономикалык байланыштарын чыңдоо жана бекемдөө, жаш чеберлерди көркөм улуттук кол өнөрчүлүктүн салтын сактоого, иликтөөгө жана өнүктүрүүсүнө кызыктыруу болуп саналат.
Иш-чара Маданият министрлигинин колдоосу жана Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиеванын демилгеси менен уюштурулду жана 13-октябрга чейин уланат

Бөлүшүү:
Next Post

БУУнун баш катчысы Ирандын Израилге чабуулун айыптады

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш 1-октябрдагы Ирандын Израилге жасаган массалык ракеталык соккусун айыптады. Анын айтымында, мындай аракеттер ирандык аскерлер тарабынан палестиналыктарды колдоого жардам бербейт жана алардын азабын азайтпайт. “Мен бул массалык ракеталык соккуларды дагы бир жолу катуу айыптайм”,-деди ал Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын курчушуна байланыштуу Франция чакырган жыйында. Гутерриш Ливандагы толук […]

Сизге жагышы мүмкүн