Бишкекте көмүр тартыштыгы жок. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Мекеменин кызматкерлери мониторинг да жүргүзүп, кара отунга баа туруктуу экенин жана кымбатташы күтүлбөй турганын аныкташкан. Алсак, Кара-Кече комүрүнүн бир тоннасы 5,5 миң сом, ал эми казакстандык “Каражыра” менен “Шабыркүл” 6 миң сомдон сатылууда.
Көмүрдүн баасы мындан ары дагы көзөмөлдөнөт.