Бишкекте көмүрдүн баасы 4 700 сомдон сатылууда. Даректери

Автор

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы учурда калкка жана Бишкек ЖЭБге көмүрдү үзгүлтүксүз ташуу иштерин графиктин алкагында жүрүгүзүүдө.

Маалыматка ылайык, ишкана тарабынан «Ден-Сяопин, 306 б» дареги боюнча жеткиликтүү баада, башкача айтканда 4700 сомдон көмүр сатуу пункту уюштурулган. Көмүр вагондор менен ташылат, бүгүнкү күндө 800 тонна көмүр бар.

Белгилей кетсек, бюджеттик мекемелер, социалдык объектилер жана калк үчүн 2023-жылдын 2-сентябрдан баштап көмүр ташылып, күнүнө 5-6 миң тоннага жакын көмүр же 200-250 унаа көмүр ташылып келет.

Кошумчалай кетсек, жакынкы күндөрү оор жүк ташуучу унаалар менен төмөндөгү даректерге 4700 сомдон көмүр келери күтүлүүдө.

 

Мурманская 126;

Алыкулов 6 б;

Алматинская-Обьездная (кесилиште);

Нижняя Аларча айылы (Курманалиева көчөсү б/н).

Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилине көмүрдү өз убагында сатып алууну эске салат.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга  келди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев  Бишкекке келди. “Манас” эл аралык аэропортунан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргызстан КМШга төрагалык кылууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн