Бишкекте кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт

Автор

Эртең, 28-февралда Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бизнес-форум өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, форум түрк инвестициясын тартууга, экономиканын түрдүү тармактарында биргелешкен ишканаларды түзүүгө жана кыргыз продукциясынын Түркиянын рыногуна жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.
Иш-чара эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда жаңы байланыштарды түзүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотуу үчүн эффективдүү аянтча болоору күтүлүүдө.
Форумдун программасына Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы долбоорлордун презентациялары кирет. Тактап айтканда, алар инвестиция тартууга даяр инновациялык долбоорлор аркылуу көрсөтүлөт.
Продукциялардын көргөзмөсүнүн алкагында ата мекендик компаниялар өз продукцияларын тартуулашат. Катышуучулар продукциялар менен түздөн-түз таанышып, демонстрацияларга катыша алышат жана мындан аркы кызматташуу үчүн потенциалдуу өнөктөштөрдү таба алышат.

Бөлүшүү:
Next Post

6-класстын окуучусунун өлүмү. Билим берүү министрлиги эмне дейт?

Билим берүү жана илим министрлиги Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мектеп-гимназиянын окуучусу менен болгон кайгылуу окуяга байланыштуу комментарий берди. Министрлик кабарлагандай, Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмү 2024-жылдын 20-февралында Ак-Суу районундагы мектеп-гимназиянын 6-классынын окуучусунун өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маалымат берген. “Окуучунун өз өмүрүнө кол салуусунун себептери белгисиз. Курдаштары жана мугалимдери менен […]

Сизге жагышы мүмкүн